Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу операторлорунун ортосунда өз ара иштешүү жөнүндө макулдашууга 11-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында кол коюлду. Документ ташууларды Көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу үчүн зарыл.
Кол коюу аземине "АрмДжиПиЭС" ЖЧКсынын директору Артур Акопян (Армения Республикасы), "Белтаможсервис" РУИ башкы директорунун биринчи орун басары Александр Скачковский (Беларусь Республикасы), "Космостук техника жана технологиялар институту" ЖЧКсынын директору Разия Буралхиева (Казакстан Республикасы), Кыргыз Республикасынын Эл аралык автомобилдик ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Түркмен Боотаев, "Санариптик платформаларды өнүктүрүү борбору" ЖЧКнын башкы директору Артем Попов (Россия Федерациясы), ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров катышышты.
"Кол коюлган макулдашуу – биздин Бирликтин алкагында товарларды ташуунун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам. Ал мүчө мамлекеттердин чынчыл атаандаштыкка жана керектөөчүлөрдүн коопсуздугуна көмөктөшүү үчүн ташууларды көзөмөлдөө жол-жоболорун жакшыртууга умтулууларын чагылдырат", – деп баса белгиледи Михаил Мясникович.
ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу бир жагынан ташуулардын ачыктыгын жана мыйзамдуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет, ал эми экинчи жагынан товарлардын жүрүү жолу боюнча контролдук иш-чаралардын өткөрүлүшүн минималдаштырат. Ошентип, макулдашууну ишке ашыруу жүктү алуучуга жеткирүү процедурасын жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө мүмкүндүк берет.
Маалымат
Евразия экономикалык бирлигинде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 19-апрелинде мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан кол коюлган жана 2023-жылдын 3-апрелинде күчүнө кирген. Макулдашууну колдонууга чейин Комиссиянын деңгээлинде да, улуттук деңгээлде да бир катар иш-чараларды ишке ашыруу зарыл болгон. Иш-чаралардын тизмеси "жол картасында" бекитилген. Бул багыт боюнча иштер аяктоо баскычында турат.
Экинчи деңгээлдеги актыларды даярдоодо тараптар жүргүзгөн эксперименттердин алкагында (жыгач материалдарына карата Беларусь Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда, жана өз ара соодада товарларды ташууга карата Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ортосунда) алынган практикалык тажрыйба эске алынган.
Келишимде аныкталган мөөнөттөрдүн негизинде, аны практикалык ишке ашыруу 2024-жылдын башында башталышы керек.