Ветеринардык дары препараттарынын алты тобу үчүн каттоо досьесин ЕАЭБ Эрежелерине ылайык келтирүү жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында ветеринардык дары-дармек каражаттарынын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу эрежелерине өзгөртүүлөрдү кабыл алды.


Ветеринардык дары препараттарынын алты тобу үчүн каттоо досьесин шайкеш келтирүү жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү — бул витаминдер, продуктивдүү эмес жаныбарлар үчүн мителерге каршы препараттар, өсүмдүктөрдөн алынган препараттар, антисептикалык препараттар, ошондой эле жаныбарлардын организминдеги суу-электролит балансын калыбына келтирүүгө арналган препараттар жана таасир этүүчү заттар катары минералдарды камтыган препараттар.

Буга чейин бул топтордогу ветеринардык препараттарынын каттоо досьесин жаңы талаптарга ылайык келтирүү жол-жобосу ошол препараттарды жүгүртүү пландаштырылган аймактагы мүчө-мамлекеттин ар бир ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуу боюнча ишке ашырылган, эми өзгөртүүлөрдөн кийин макулдашуу талап кылынбайт.

Ошол эле учурда аталган препараттар ЕАЭБде өндүрүлүүгө жана анын аймагында беш жылдан ашык жүгүртүүдө болууга тийиш.

Кабыл алынган документ менен ЕАЭБ эрежелеринин тактоочу жана техникалык мүнөздөгү айрым жоболору да оңдолду.

ЕЭК Кеңеши Кыргыз Республикасынын мүчө мамлекеттердин биринде Эрежелерге ылайык катталган ветеринардык дары-дармек препараттарын ЕАЭБ өлкөсүнүн демилгеси боюнча каттоо жол-жобосун караган Эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени жарым жылдын ичинде иштеп чыгуу жөнүндө сунушун колдоду. Бул кийин "чакан рыногу" бар мамлекеттерде ветеринардык дары-дармек препараттарынын дефицитинин пайда болуу тобокелдигин азайтууга мүмкүндүк берет.

Кабыл алынган бардык өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу ветеринардык препараттарды өндүрүүчүлөргө каржылык оорчулукту азайтууга жардам берет демек, алардын өздүк наркын төмөндөтүүгө болот. Мындан тышкары, Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарына административдик жүк азаят.