Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 13-мартта ЕЭК Кеңешинин "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында Ветеринардык дары каражаттарынын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечиминин долбоорун жактырды.
Көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр ветеринардык дары препараттарынын алты тобу үчүн каттоо досьесин күчүнө кирген Эрежелердин талаптарына шайкеш келтирүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү болжолдойт. Аларга витаминдер, өндүрүмсүз жаныбарлар үчүн мите курттарга каршы препараттар, өсүмдүктөрдөн алынган препараттар, антисептикалык препараттар, ошондой эле жаныбарлардын организминдеги суу-электролит балансын калыбына келтирүүгө арналган препараттар жана таасир этүүчү заттар катары минералдарды камтыган препараттар кирген.
Эгерде мурда бул топтордогу ветеринардык препараттарынын каттоо досьеси жаңы талаптарга ылайык ошол препараттарды жүгүртүү аймагында пландаштырылып жаткан Бирликтин мүчө мамлекетинин ар бир ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуу боюнча келтирилүүгө тийиш болсо, эми өзгөртүүлөрдөн кийин макулдашуу талап кылынбайт.
Өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу бул ветеринардык препараттарды өндүрүүчүлөргө каржылык жүктөмдү азайтууга, демек, бул ветеринардык препараттардын өздүк наркын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын административдик жүктөмү кыскарат.