ЕАЭБдин жалпы рыногунда дары-дармек каражаттарын каттоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлдү

21-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан бекитилген Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарын каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөр күчүнө кирет.

"Бул өзгөртүүлөр – Евразия экономикалык бирлигинде дары-дармектерди каттоонун бирдиктүү ыкмасына өтүүнү аяктоо үчүн маанилүү кадам. Биз өндүрүүчүлөр үчүн административдик тоскоолдуктарды минималдаштырууга жана ошол эле учурда сапаттуу жана коопсуз препараттарды алууга тийиш болгон бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого умтулабыз", – деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий.

Жаңы жоболор Бирлик өлкөлөрүндө каттоо процесстерин шайкеш келтирүүгө, ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү жол-жобосу боюнча иштерди аяктоого жана бейтаптардын дары-дармектерге үзгүлтүксүз жетүүсүнө багытталган.

Өзгөртүүлөр дары-дармек препараттарынын каттоо досьелерин ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү жол-жоболоруна, каттоо процедураларынын жүрүшүндө демилгеленген өндүрүүчүлөрдүн фармацевтикалык инспекцияларын жүргүзүүгө тиешелүү.

Ошондой эле ЕАЭБди жөнгө салууга өтүү боюнча иштерди тездетүү үчүн дары-дармек препаратынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана өз ара таануу жол-жоболорун бир убакта аткарууга чектөөлөр алынып салынды.