Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши казакстандык тараптын сунушу боюнча мамлекеттик сатып алуулар үчүн айрым товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди. "Темир жол машиналарын куруу" тармагынын "Серпилгич клеммалар менен рельстик бириктирүүлөр" товардык продукциясы боюнча өндүрүштүк шарттар жана технологиялык операциялар жактырылды.
Кабыл алынган шарттар аткарылган учурда рельстик бириктирүүлөр ЕАЭБде өндүрүлгөн болуп эсептелет жана Бирлик өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларга тоскоолдуксуз катышууга жол берилет.
Эске салсак, ага карата өндүрүш шарттары мамлекеттик сатып алууларга катышууда Эрежелер менен аныкталган товардын чыгарылган өлкөсү ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин өнөр жай товарларынын евразиялык реестринен үзүндү көчүрмөнү берүү аркылуу тастыкталат.