Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 17-мартта Евразия экономикалык бирлигинин "Өрт коопсуздугун камсыздоо жана өрт өчүрүү каражаттарына карата талаптар жөнүндө" техникалык регламентине шайкештикти баалоо тууралуу документти (шайкештикти баалоо тууралуу документ жөнүндө маалыматтарды) берүү менен коштолуучу бажы декларациясы тапшырылуучу продукциялардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Жалпы багыттагы өрт өчүрүүчү күлмайдаларга карата ТЭИ ТН коддору ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасына киргизилген өзгөртүүлөргө шайкеш келтирилди. Мындан тышкары, өрт автоматикасы тутумдарынын техникалык каражаттарын үзгүлтүксүз электр азыгы менен камсыздоо булактарынын ТЭИ ТН кодуна карата редакциялык түзөтүү киргизилди.
Ошондой эле продукциялардын тизмесинин аталышы ЕЭК Кеңешинин 2021-жылдын 12-ноябрындагы № 130 чечими менен бекитилген, Бирликтин бажы аймагында милдеттүү түрдө шайкештигин баалоого тийиш болгон продукцияларды ЕАЭБдин бажы аймагына алып кирүү тартибинин 2-пунктунун "а" пунктчасына шайкеш келтирилди.