Бажы жол-жоболорунда шайкештик жөнүндө декларацияны тапшыруу зарыл болгон күйүүчү жаратылыш газынын түрлөрүнүн тизмеси бекитилди
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы бажы декларациясын тапшыруу Бирликтин "Транспорттоого жана (же) пайдаланууга даярдалган күйүүчү жаратылыш газынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин талаптарына шайкештигин баалоо жөнүндө документтерди берүү менен коштолгон продукциянын тизмесин бекитти.

Газды импорттоочу бажы декларациясын тапшырууда шайкештик жөнүндө декларацияны же тизмеде каралгандай, мындай документ жөнүндө маалыматтарды берүүгө тийиш.

Маалымат

"Транспорттоого жана (же) пайдаланууга даярдалган күйүүчү жаратылыш газынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана төмөнкү күйүүчү жаратылыш газына карата колдонулат:

- магистралдык газ өткөрмө түтүктөрү боюнча ташууга даярдалган;

- өнөр жай жана коммуналдык-тиричилик багытындагы;

- кысылган, ичтен күйүүчү кыймылдаткычтар үчүн отун катары пайдалануу үчүн даярдалган;

- атайын даярдоодон кийин суюлтулган жана отун катары пайдаланылган.

Техрегламентте күкүрттүү суутектин, кычкылтектин, көмүртек диоксидинин, меркаптан жана жалпы күкүрттүн, механикалык кошундулардын жана башка бир катар көрсөткүчтөрдүн камтылышы боюнча талаптар белгиленген