ЕАЭБдин илимий-техникалык өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү программасы бекитилди
15.09.2025
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши "Евразия экономикалык бирлигинин "алкактык" мүнөздөгү узак мөөнөттүү мезгилге илимий-техникалык өнүктүрүүнүн стратегиялык программасы жөнүндө" сунуштамасын кабыл алды.

Программа 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруунун алкагында иштелип чыккан жана биргелешкен инновациялык долбоорлорду өнүктүрүүдө ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин күч-аракеттерин бириктирүүнүн эсебинен атаандаштыкка жөндөмдүү илимий-изилдөө потенциалын түзүүгө, ошондой эле Бирлик өлкөлөрүнүн экономикаларынын технологиялык деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Программада өз ара кызыкчылык чөйрөлөрү, тажрыйба алмашуунун жана мүчө мамлекеттердин илимий-техникалык өнүктүрүү жаатында өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби, биргелешкен изилдөөлөрдү жана инновациялык долбоорлорду уюштуруунун критерийлери аныкталган, ошондой эле мүчө мамлекеттер ишке ашыруучу кызматташтыктын багыттары жана артыкчылыктары эске алынган.