Электрондук соода товарларына декларацияны түзөтүүнүн формасы бекитилди
Электрондук сооданы бажылык башкаруу жаатындагы укуктук базаны мындан ары калыптандыруу максатында, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы электрондук соода товарларына декларацияны түзөтүү формасын жана аны толтуруу тартибин бекитти.

"Иштелип чыккан форма жана тартип мурда көрсөтүлгөн маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат, бул товарлардын мүнөзүн жана аларды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иш жүзүндө абдан суроо-талапка ээ болушу мүмкүн", – деп ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Сергей Шкляев белгиледи.

Электрондук соода товарларына декларацияны түзөтүү, декларациянын өзү сыяктуу эле, ЕАЭБ Бажы кодексине өзгөртүүлөр күчүнө кирген учурдан тартып, жеке жактар тарабынан электрондук соода аянтчаларында түздөн-түз сатылып алынган товарлар үчүн да, ошондой эле Бирликтин аймагындагы кампалардан жеке жактарга сатылуучу товарлар үчүн да колдонула баштайт.

2023-жылдын 25-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде Бирликтин Бажы кодексине тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу жагында Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго кол коюлган.

ЕЭК Коллегиясынын 2024-жылдын 17-декабрындагы № 143 Чечими менен электрондук соода товарларына декларациянын формасы жана аны толтуруу тартиби бекитилди.