Жаңылыктар

01.03.2022 (Обновлено: 15.04.2022 16:22)

Магистралдык куурларга карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программа бекитилди

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы суюк жана газ түрүндөгү углеводороддорду ташуу үчүн магистралдык куурларга карата техникалык регламентке мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программаны бекитти. Анда 2027-жылга чейин 33 мамлекеттер аралык стандартты иштеп чыгуу каралган. Жоопкерчиликтүү иштеп чыгуучулар болуп Казакстан Республикасы (4 ГОСТ) жана Россия Федерациясы (29 ГОСТ) дайындалды.

Учурда суюк жана газ түрүндөгү углеводороддорду ташуу үчүн магистралдык куурларды долбоорлоо, куруу, пайдалануу жана утилдештирүү боюнча ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин улуттук деңгээлиндеги талаптар ЕАЭБдин "Суюк жана газ түрүндөгү углеводороддорду ташуу үчүн магистралдык куурларга талаптар жөнүндө" бирдиктүү техникалык регламенти (ЕАЭБ ТР 049/2020) кабыл алынганга чейин бекитилген стандартташтыруу боюнча улуттук документтерде (стандарттарда жана эрежелердин жыйындылардында) камтылат. Аталган документтер аларды техникалык регламентке шайкеш келтирүү жана мамлекеттер аралык стандарттар статусунда бекитүү үчүн кайра кароого жатат.

Программанын долбооруна магистралдык куурларды долбоорлоого, курууга, пайдаланууга талаптар, сыноолордун жана өлчөөлөрдүн эрежелери жана ыкмалары, анын ичинде үлгүлөрдү тандоо эрежелери жана техникалык регламентти колдонуу жана аткаруу үчүн зарыл болгон башка стандарттар киргизилген.