2025-жылга карата ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин негизги багыттары бекитилди

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 26-декабрдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары ЕАЭБдин 2025-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн Негизги багыттарын бекитишти.

Эл аралык ишмердүүлүктүн Негизги багыттары Бирликтин бул чөйрөдө система түзүүчү документи болуп саналат жана мүчө мамлекеттердин сунуштамаларына ылайык иштелип чыгат.

Артыкчылыктуу маселелер – жакынкы коңшулар менен соода-экономикалык маселелер боюнча диалогду улантуу, Бирликке караштуу байкоочу мамлекеттер менен кызматташтыкты өнүктүрүү, Евразиянын, Африканын жана Латын Америкасынын негизги интеграциялык бирикмелери менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү, Бирликтин экономикалык тартылуунун уюлу катары эл аралык позицияланышы.

Евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жолу менен ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөрдүн жигердүү өнүгүп жаткан рыноктору менен транспорттук байланышын жогорулатууга, ошондой эле Бирлик өлкөлөрүнүн бизнеси үчүн тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү жагында жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө басым жасалды.

2025-жылы ЕАЭБдин жана Евразия экономикалык комиссиясынын күч-аракеттери кызматташуунун түзүлгөн механизмдерин, анын ичинде меморандумдардын, декларациялардын жана соода макулдашууларынын алкагында өнүктүрүүгө багытталат. Кызматташтык маанилүү болгон эл аралык уюмдардын арасында Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), анын регионалдык комиссиялары жана профилдик уюмдары, Дүйнөлүк бажы уюму (ДБУ), Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) жана башкалар бар. Региондук бирикмелердин катарына КМШ, АӨИЧК, ШКУ, АСЕАН, Түштүк Америкалык жалпы рыногу (МЕРКОСУР), Африка бирлиги, Африкадагы субрегионалдык интеграциялык бирикмелер жана башка түзүмдөр кирет.

Соода макулдашууларына ылайык КМШ мүчө мамлекеттери, БРИКС катышуучу өлкөлөрү, Кытай, Вьетнам, Сербия, Сингапур жана Иран менен, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар болгон башка мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү пландаштырылууда.

ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгү ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 7-беренесине жана Евразия экономикалык бирлигинин Эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартибине ылайык жүзөгө ашырылат. Көрсөтүлгөн Тартиптин 5-пунктуна ылайык, ЕАЭБ эл аралык ишмердигинин Негизги багыттары түзүлөт.