Жаңылыктар

23.11.2022 (Обновлено: 30.11.2022 09:54)

Экспресс-жүктөргө карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө жөнүндө документке өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби бекитилди

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 22-ноябрда бажы органы тарабынан мындай товарларга карата төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүн эсептөө үчүн колдонулуучу, экспресс-жүк катары өткөрүлүүчү жеке колдонуу үчүн товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө жөнүндө документке өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин бекитти.

Бекитилген тартипте бажы органдарынын кызмат адамдарынын иш-аракеттеринин конкреттүү алгоритми, өзгөртүүлөрдү киргизүү мөөнөттөрү, ошондой эле төлөм жөнүндө документти оңдоодо маалыматтарды көрсөтүү эрежелери каралат.

"Эгерде экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясында кандайдыр бир маалыматтар өзгөрсө жана төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү зарыл болсо, анда бүтүндөй Бирлик үчүн унификацияланган, сунушталып жаткан иш-аракеттердин тартиби колдонулат", – деп белгиледи ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов.

Ошондой эле Бирликтин Бажы кодексинде белгиленген учурларда, бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө милдеттерди токтотуу жөнүндө маалыматтарды чагылдыруу үчүн, аны жаңы графа менен толуктоо жолу менен төлөө жөнүндө документтин формасы жакшыртылды.

Долбоор Комиссиянын бажы блогу тарабынан жүргүзүлүп жаткан, экспресс-жүктөрдү бажылык башкарууну өркүндөтүү жана бул маселе боюнча заманбап укуктук базаны түзүү боюнча комплекстүү иштин логикалык уландысы болуп саналат.

Маалымат

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 20-ноябрындагы

№ 185 Чечими менен, экспресс-жүк катары өткөрүлүүчү жеке колдонуу үчүн товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө жөнүндө документтин формасы жана аны толтуруу тартиби бекитилген.