2023-жылы ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө айлык акы өстү
05.03.2024
2023-жылдын январь-декабрында орточо айлык номиналдык жана реалдуу (товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индексине карата түзөтүлгөн) эмгек акы 2022-жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу Евразия экономикалык бирлигинин бардык мамлекеттеринде көбөйгөн.
Орточо айлык реалдуу эмгек акынын эң жогорку өсүш темпи Арменияда (112,4%) жана Беларуста (111%) катталган.
Орточо айлык номиналдык эмгек акынын өлчөмү: Арменияда – 270 миң армян драмын (688 АКШ доллары), Беларуста – 1,9 миң беларус рублин (634 АКШ доллары), Казакстанда – 360,8 миң тенгени (791 АКШ доллары), Кыргызстанда – 33,3 миң сомду (379 АКШ доллары), Россияда – 73,7 миң орус рублди (871 АКШ доллары) түзгөн.
Толук статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "ЕАЭБде эмгек акы жөнүндө" бөлүмүндө келтирилген.