Жаңылыктар

21.11.2022 (Обновлено: 29.11.2022 16:15)

ЕАЭБде ЕЭКтин региондор аралык кызматташтыгы боюнча маалымат порталы ишке киргизүүгө даярдалып жатат

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Макроэкономикалык саясат департаментинин экономикалык саясат стратегиялары бөлүмүнүн башчысы Андрей Пантелеев 17-18-ноябрда Ереванда (Армения Республикасы) өткөн "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык коопсуздугу жана туруктуулугу: мамлекеттин жана бизнестин мүмкүнчүлүктөрү" эл аралык макроэкономикалык семинарында билдирди.

Андрей Пантелеев белгилеп өткөндөй, порталдын миссиясы - ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймактарын өнүктүрүү, учурда ишке ашырылып жаткан жана потенциалдуу бизнес-долбоорлор, ошондой эле регионалдык деңгээлде бизнести өнүктүрүү үчүн жеңилдиктер, преференциялар жана өбөлгөлөр жөнүндө актуалдуу маалыматтарга кеңири аудиториянын жетүүсүнүн аркасында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн региондорунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп калмакчы.

"Бирлик өлкөлөрүнүн аймактарында атаандаштыкка жөндөмдүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүргөн көптөгөн компаниялар ийгиликтүү иштеп жатышат, инвестициялык, анын ичинде кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттар жана колдоо тутумдары түзүлгөн. Биздин максат – портал аркылуу инвесторлорго жана ишкерлерге бул мүмкүнчүлүктөр жөнүндө жана Бирликтин интеграциялык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аларды кантип натыйжалуу пайдалануу жөнүндө билүүгө жардам берүү", - деп баса белгиледи ЕЭК өкүлү.

Ошондой эле порталда региондордун жана ЕЭКтин ишкерлер жана инвесторлор үчүн актуалдуу жаңылыктары, бизнес-жарманкелердин кулактандыруулары, компаниялардын презентациялары жана региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, инвестициялык климатка жана аймактарда бизнести колдоого тиешелүү башка иш-чаралар жарыяланат.

Порталды 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында ишке киргизүү пландаштырылат.