Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн интеллектуалдык транспорттук тутумдарынын өз ара иштешүүсүн өркүндөтүү боюнча Концепцияны жактырды.
Концепцияны ишке ашыруу бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүүгө мүмкүндүк берет, анда ташуучу аба ырайынын шарттары, мүмкүн болгон тыгындар жана жол-транспорт кырсыктары жөнүндө стандартташтырылган маалыматты алат.
Концепция Бирликтин алкагында мүчө мамлекеттердин интеллектуалдык транспорттук тутумдарынын (ИТТ) өз ара иштешүүсүн камсыздоого багытталган мамилелерди аныктайт. Бул жол-транспорт инфраструктурасына ИТТ технологияларын жигердүү киргизүүгө өбөлгө түзөт, ошондой эле жол кыймылынын катышуучуларына маалыматтык колдоо көрсөтүүдө, анын ичинде евразиялык транспорттук коридорлорундагы ИТТ операторлорунун жоопкерчилигинен тышкары зоналарында алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.