Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 10-мартта евразиялык транспорттук коридорлордун жана маршруттардын тизмесине киргизилген автомобиль жолдору боюнча эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашырууда кооптуу жүктөрдү ташууга атайын уруксат кагаздарын тариздөө жана берүү боюнча айрым жол-жоболорду ЕАЭБде шайкештештирүүнүн жалпы мамилелерин жактырды.
Документте бардык мүчө мамлекеттер үчүн атайын уруксат кагаздарын берүү жана алардын колдонуу мөөнөттөрүн аныктоо, арыздын формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтар боюнча жалпы сунуштамалар белгиленген.
Тактап айтканда, ЕАЭБ мүчө мамлекеттерине төмөнкүдөй мөөнөттөрдү аныктоо сунушталды:
а) атайын уруксат кагазын берүү – 6 жумушчу күндөн ашык эмес;
б) атайын уруксат кагазынын колдонуу мөөнөтү – 1 календардык жылдан ашык эмес.
"Сунуштамаларды ишке ашыруу ташуучулар үчүн атайын уруксат кагаздарын тариздөө жана алуу процессин жөнөкөйлөтүүгө, транспорттук-логистикалык жана контролдоо-көзөмөлдөө жол-жоболорун жүзөгө ашырууда ташуучулардын чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.