Жаңылыктар

08.04.2025

ЕАЭБде эң көп кооперациялык жана экспорттук потенциалы бар өнөр жай тармактары аныкталды

8-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин чийки заттык эмес, анын ичинде жогорку технологиялык продукцияларын биргелешип экспорттоо үчүн келечектүү рынокторду жана өнөр жай тармактарын талдоонун жыйынтыктары жөнүндө" баяндамасын жактырды.

Баяндамада кооперациялык жана экспорттук потенциалга ээ болгон жогорку технологиялык тармактарды кошкондо өнөр жайдын тармактары аныкталган. Бул, атап айтканда, химиялык, металлургиялык, фармацевтикалык, электрондук-оптикалык тармак, автомобиль- жана авиа куруу тармагы болуп саналат.

Документте баяндалган сунуштар өнөр жайдын артыкчылыктуу тармактарынын өсүшүн камсыз кылууга, инновациялык активдүүлүктү өбөлгөлөөгө, илим сыйымдуу өндүрүштөрдү биргелешип өнүктүрүүгө, ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүү экспортко багытталган продукциянын жаңы түрлөрүн өздөштүрүүгө багытталган.

"Бирлик өлкөлөрү өнөр жайдын негизги тармактарын өнүктүрүү үчүн олуттуу илимий жана өнөр жай потенциалына ээ, – деп баса белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян. – Ошону менен бирге машина куруу, электроника, химиялык өнөр жай сыяктуу жогорку технологиялык тармактарда импортту алмаштыруу мүчө мамлекеттердин кооперациялык кызматташтыгында артыкчылыктуу бойдон калууда".