ЕАЭБде 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүштүн тездеши күтүлүүдө

2022-жылдын экинчи жарымында Евразия экономикалык бирлигинин экономикасы калыбына келе баштаган, ал эми 2023-жылы ЕАЭБ мамлекеттеринде экономикалык жигердүүлүктүн өсүү темпинин жогорулашы күтүлүүдө. Бул туурасында бүгүн Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында жарыяланган 2022-жыл үчүн ЕАЭБ мамлекеттеринин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана келечектери жана макроэкономикалык саясат жаатындагы чаралар жөнүндө баяндамада айтылат.

Буга чейин документ ЕЭК Коллегиясынын отурумунда каралган. ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев белгилегендей, ЕАЭБде экономикалык өсүш тездеди.

"Божомол жетишерлик оптимисттик. Экономикалык өсүштү интенсификациялоо үчүн өбөлгөлөр болуп инвестициялык активдүүлүктүн оң динамикасынын сакталышы, калктын кирешесинин жана эмгек акынын көбөйүшү, экономиканы кредиттөөнүн өсүшү, эмгек рыногундагы жагымдуу кырдаал саналат. Бул факторлор 2023-жылдын аралыгында ички суроо-талаптын жогорулашына өбөлгө түзөт", - деди Сергей Глазьев.

Ал белгилегендей, өсүү үчүн потенциал - андан да жогору, аны ишке ашыруу үчүн капиталдын кетишин токтотуу жана инвестицияларды насыялоону кеңейтүү зарыл.

Мүчө мамлекеттердин экономика министрликтеринин божомолуна ылайык, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБдин жалпы ИДӨсүнүн өсүш арымы 3%га жетет.

Баяндамада ошондой эле ЕАЭБ ичинде да, үчүнчү өлкөлөр менен да соода жана каржы байланыштарынын өзгөрүшү жөнүндө маалымат берилген.