Жаңылыктар

14.04.2022 (Обновлено: 17.05.2022 17:19)

ЕАЭБде экономикалардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча жаңы чаралар иштелип чыгат

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ЕАЭБ экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын тизмесин жүзөгө ашырууга багытталган демилгелери, анын ичинде макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо маселеси 14-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында өткөн жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун отурумунда талкууланды. Отурумду жумушчу топтун жетекчиси, Россия Федерациясынын экономикалык өнүгүү министри Максим Решеткников өткөрдү.

Талкуу ЕЭК Кеңешинин отурумунун алдында өткөрүлдү. Атап айтканда, алып келүү бажы алымдарынын чендерин азайтуу жана критикалык импорттун товарларына тарифтик жеңилдиктерди берүү боюнча сунуштар, ошондой эле жеке пайдалануу үчүн товарларды алып келүүнүн нарктык жана салмактык ченемдерин жогорулатуу боюнча россиялык тараптын демилгеси каралды.

Мындан тышкары, ЕАЭБдин ички рыногунун иштешинин алкагында мамлекеттер тарабынан киргизилген чектөө чаралары көңүл чордонунда болду. Тараптар мамлекеттердин өнөр жай ишканаларынын ортосундагы кооперациялык чынжырларды сактоо үчүн кандай кадамдар зарыл экендигин талкуулашты.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович баса белгилегендей, Комиссия макулдашылган чараларды ишке ашыруунун үстүндө күн сайын иштеп жатат. Мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан ыкчам реакция кырдаалды турукташтырууга жана керектүү товарларды жеткирүүдө үзгүлтүккө учурабоого мүмкүндүк берет.

Улуттук валюталардагы эсептешүүлөрдүн механизмине жана мүчө мамлекеттердин кирешесине ташып келүү бажы алымдарынын, ошондой эле атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммасын которуу тартибине чоң көңүл бурулду.

Документтердин долбоорлору жеткире иштелип чыккандан кийин Комиссиянын Кеңешинин кароосуна киргизилет.

Маалымат

Экономиканын туруктуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү, анын ичинде макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топ ЕЭК Кеңешинин тескемеси менен түзүлгөн.

Жумушчу топтун жетекчиси - Россия Федерациясынын экономикалык өнүгүү министри Максим Решеткников. Жумушчу топтун курамына борбордук (улуттук) банктардын төрагалары, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономика министрлери жана финансы министрлери, Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы, ошондой эле ЕЭК министрлери Руслан Бекетаев, Сергей Глазьев жана Андрей Слепнев киришет.

Ошондой эле экономикалардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын тизмеси бекитилди. Тизме 33 чарадан турат жана төрт блокту камтыйт:

1) бажылык, бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу, коргоо чаралары;

2) ички рынок жана кооперация;

3) финансылык и валюталык рыноктор;

4) үчүнчү өлкөлөр жана интеграциялык бирикмелер менен эл аралык экономикалык кызматташтык.

Бардык кабыл алынган документтер Комиссиянын сайтындагы атайын бөлүмгө жайгаштырылган.