ЕАЭБде үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө техникалык тоскоолдуктарды четтетүү үчүн укуктук база өнүгүүдө
18.08.2025

Евразия экономикалык бирлиги менен үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директорунун орун басары Максим Ким Минскте өткөн "Заманбап чакырыктар шарттарында аккредитациялоонун жаңы горизонттору" эл аралык форумунда айтып берди.

Атап айтканда, ал техникалык тоскоолдуктарды четтетүү маселелерин предметтик талкуулоонун башталышы ЕАЭБ жөнүндө келишимди даярдоодо эле коюлганын белгиледи. 2021-жылы мүчө мамлекеттер Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүү тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашууга кол коюшкан. Анын негизинде – мындай тоскоолдуктарды четтетүүгө алып келген ЕАЭБдин жана үчүнчү өлкөнүн милдеттенмелеринин теңдештиги принциби турат, ал эми практикалык макулдашууларды жүзөгө ашыруу ЕАЭБдин жана анын беш мүчө мамлекетинин үчүнчү өлкө менен эл аралык келишиминин форматында жүргүзүлөт.

2018-жылдагы Бирликтин үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык интеграциялык бирикмелер менен эл аралык келишимдери жөнүндө макулдашуусу менен эл аралык келишимдерди түзүүнүн экономикалык максатка ылайыктуулугуна, анын ичинде соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүү маселелери боюнча баалоо жүргүзүү каралган.

"Эл аралык келишимди түзүүнүн экономикалык максатка ылайыктуулугун баалоо зарылдыгында негизги кыйынчылык жатат – конкреттүү үчүнчү өлкө менен соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө келечектеги макулдашуулар жайылтыла турган продукциянын тизмесин аныктоо", – деп баса белгиледи Максим Ким.

Комиссиянын өкүлүнүн сөзү боюнча, ЕАЭБдин жана үчүнчү өлкөнүн милдеттүү талаптарынын салыштырмалуулугун аныктоо жол-жоболору, шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таануу боюнча иштерге катышкан шайкештикти баалоо боюнча органдарды дайындоо тартиби, чет өлкөлүк органдарда алынган шайкештикти баалоо боюнча иштердин жыйынтыктарын таануунун негизинде ЕАЭБ мамлекеттеринде жүгүртүүгө келип түшкөн продукциянын коопсуздугуна контролду камсыздоо андан аркы талкуулардын предмети болушу мүмкүн.

Максим Ким мүчө мамлекеттердин, үчүнчү өлкөлөрдүн, Комиссиянын эксперттеринин, бардык кызыкдар органдардын жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнүн биргелешкен иши бул маселелерди чечүүгө жардам берет жана ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт деген үмүтүн билдирди.

Форумдун алкагында ЕЭК өкүлү Беларус Республикасынын Өнөр жай министрлигинин, Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин жана Беларус мамлекеттик стандартташтыруу жана сертификаттоо боюнча институтунун өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Беларустун электрондук паспорттор тутумунун улуттук оператору менен "Электрондук паспорт" АКнын электрондук паспорттор тутумунун администраторунун ортосундагы өз ара аракеттешүү, ошондой эле жактыруу менен берилген транспорт каражатынын тибинин, транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктөрдүн бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү маселелери талкууланды.