Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы жарандардын Евразия экономикалык бирлигинин аймагы боюнча тоскоолдуктарсыз орун которуштуруусу үчүн сунуштаманы кабыл алды. Сунуштама учурда ЕАЭБ өлкөлөрүндө колдонулуп жаткан COVID-19'га каршы жүргүзүлгөн эмдөө жөнүндө документтерди өз ара таануунун бардык мүмкүн болгон механизмдерин камтыйт.
Өз ара таануу үчүн, улуттук маалыматтык тутумдарды, анын ичинде мобилдик тиркемелерди колдонуу менен, мамлекеттерде бекитилген COVID-19'га каршы вакцинаны алгандыгын тастыктаган кагаз алып жүрүүчүдөгү же электрондук документтерди колдонуу каралган.
Чек аралардан өтүүгө буга чейин жоюлган чектөөлөрдүн кайра киргизилишин талап кылышы мүмкүн болгон COVID-19 менен ооруу боюнча туруксуз жагдайды эске алуу менен, аталган документтин кабыл алынышы өзгөчө маанилүү болуп саналат.