Жаңылыктар

17.10.2022 (Обновлено: 25.10.2022 10:58)

ЕАЭБде дарыларды каттоо тутуму өркүндөтүлөт

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Евразия экономикалык биримдигинин продукциясына милдеттүү талаптарын, анын ичинде анын шайкештигин милдеттүү баалоо бөлүгүн оптималдаштыруу боюнча иш-чаралардын тизмесин бекитти. Бул тизмеде шайкештикти баалоо боюнча документтердин адилетсиз алынышына каршы механизмдерди түзүүгө жана ЕАЭБде шайкештикти баалоо системасын өркүндөтүүгө багытталган алты чара камтылган.

Евразия экономикалык биримдигинин продукцияга милдеттүү талаптарын оптималдаштыруу боюнча чаралар, анын ичинде анын белгиленген талаптарга шайкештигин милдеттүү баалоо бөлүгүндө шайкештикти баалоо максаттары үчүн «продукциянын партиясы» түшүнүгүн тактоо боюнча, анын ичинде жүгүртүүгө чыгарылган продукциянын түрүнө жараша сунуштарды иштеп чыгууну камтыйт; шайкештикти баалоо тууралуу документтерди адилетсиз алууга каршы механизмдерди иштеп чыгуу; продукциянын айрым түрлөрүнө Биримдиктин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин баалоонун формаларын, схемаларын жана жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; Биримдиктин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин баалоо боюнча иштердин алкагында изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөө протоколдорунун улуттук реестрлеринин негизинде бирдиктүү реестрди түзүү; тобокелдиктерди анализдөөнүн негизинде шайкештикти баалоо жагынан Биримдиктин мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо; продукцияны идентификациялоого карата ыкмаларды өркүндөтүү жана идентификациялык өзгөчөлүктөрүнүн, коркунучтардын жана продукцияга талаптардын ортосундагы байланышты түзүү боюнча чараларды иштеп чыгуу.