ЕАЭБде баалуу кагаздар рыногундагы ишмердикти шайкеш жөнгө салуу үчүн шарттар түзүлүүдө

27-январда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ЕЭК Кеңешинин "Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу жана баалуу кагаздар рыногунда рыноктук ортомчуларга (брокерлерге) талаптарды белгилөө чөйрөсүндө колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар бөлүгүндө ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча макулдашылган сунуштар жөнүндө" сунуштамасынын долбоорун жактырды.

Сунуштамалар жана макулдашылган сунуштар ЕАЭБ жөнүндө келишимге № 17 тиркемеге (Каржылык кызматтарды көрсөтүү боюнча протокол), Жалпы каржы рыногун түзүү концепциясына, Мыйзамдарды айкалыштыруу жөнүндө макулдашууга жана Бирлик мамлекеттеринин каржы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча иш-чаралар планына ылайык иштелип чыккан.

Документ Бирликтин мамлекеттерине баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарды өркүндөтүүдө жана эл аралык келишимдерди иштеп чыгууда мыйзамдардын негизги түшүнүктөрүн жана аныктамаларын шайкеш келтирүү, баалуу кагаздар рыногунда брокерлерге талаптарды белгилөө боюнча макулдашылган сунуштарды эске алуу боюнча сунуштамаларды камтыйт.

ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов белгилеп өткөндөй, шайкеш келтирүү боюнча макулдашылган сунуштар ЕАЭБ мамлекеттеринде колдонуудагы мыйзамдарды салыштырмалуу-укуктук талдоонун жыйынтыктары боюнча даярдалган.

"Бул биздин рынокто айкындуулукту жана өз ара ишенимдүүлүктү камсыз кыла турган бирдиктүү каржылык мейкиндикти түзүүгө карай маанилүү кадам", — деп белгиледи Бахыт Султанов.

Мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча макулдашылган сунуштарда баалуу кагаздар рыногундагы брокерлерге карата каржылык көрсөткүчтөр, тобокелдиктерди башкаруу тутуму, ички контроль, брокердин уюштуруу түзүмү, кардарлар жана жөнгө салуучулар менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле отчеттуулук жана маалыматты ачуу жагында талаптарды жөнгө салууга сунуш кылынган мамилелер түзүлгөн.

Коллегия тарабынан жактырылган мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча сунуштамалар жана макулдашылган сунуштар Комиссиянын Кеңешинин кароосуна бекитүү үчүн берилет.