Жаңылыктар

18.01.2022 (Обновлено: 01.02.2022 17:36)

ЕАЭБде "продукцияны жеткирүүлөр чынжырынын" бардык катышуучуларына карата жоопкерчиликти белгилөө боюнча ык-амалдарды унификацияланды

18-январда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн продукцияга карата милдеттүү талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти бекитүү боюнча окшош (салыштырылуучу) мыйзамдарын белгилөө үчүн жалпы принциптерди жана ык-амалдарды аныктоо боюнча сунуш-көрсөтмөнү кабыл алды.


Документ "продукцияны жеткирүүлөр чынжырынын" бардык катышуучуларынын жоопкерчилигин белгилөөгө карата унификацияланган ык-амалдардын жоктугунан келип чыккан укуктук кемчиликтерди четтетүүгө багытталган, бул рынокту кооптуу продукциядан талаптагыдай коргоону камсыздоого мүмкүндүк берген эмес.

Бирлик өлкөлөрүнө продукцияны даярдоочудан түпкү сатып алуучуга өткөрүү тизмегинин бардык катышуучулары: даярдоочулар, алардын ыйгарым укуктуу адамдары, импорттоочулар, сатуучулар, шайкештикти баалоо боюнча органдар үчүн административдик жоопкерчиликти белгилөөгө багытталган чараларды көрүү сунушталат.

Административдик чаралар Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келбеген продукцияны өндүрүүдө; шайкеш эмес, анын ичинде шайкештигин баалоо жөнүндө документтерсиз же колдонуу мөөнөтү өткөн продукцияны жүгүртүүгө чыгарууда; маркалоого талаптар бузулганда; көзөмөл органдарынын жазма буйруктарын аткарбаганда ж. б. учурларда каралган.

Кабыл алынган документ – бирдиктүү рынокко чыгарылган продукциянын коопсуздугу үчүн даярдоочулар (алардын ыйгарым укуктуу адамдары, импорттоочулар) тарабынан гана эмес, ошондой эле натыйжалардын ишенимдүүлүгү жана жүргүзүлгөн жол- жоболордун жетиштүүлүгү үчүн - шайкештикти баалоо боюнча органдардын да жоопкерчилигин белгилөө үчүн ченемдерди улуттук мыйзамдарга имплементациялоого карата биринчи кадам. Бул кооптуу товарлардын рынокко чыгарылышын алдын алууга жана "сертификаттардын жана декларациялардын боз рыногуна” каршы аракет кылууга мүмкүндүк берет.