ЕАЭБде жер казынасын пайдалануу боюнча контракттарга ылайык товарларды ташып келүүдө Казакстанда төлөнгөн ташып келүү бажы алымдарын бөлүштүрүү маселеси жөнгө салынды

29-майда Астанада Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин № 5 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколго кол коюшту, ага ылайык, инвесторлор менен 2010-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн жер казынасын пайдалануу боюнча контракттардын жана продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулардын алкагында товарларды ташып келүүдө казакстандык импорттоочулар тарабынан төлөнгөн ташып келүү бажы алымдары Бирликтин мамлекеттеринин ортосунда бөлүштүрүлбөйт.


Бул маселени жөнгө салуу зарылчылыгы биринчи жолу Бирлик өлкөлөрүнүн мамлекеттик каржылык контролдоонун жогорку органдары тарабынан ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү тартибин сактоо боюнча биргелешкен текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча белгиленген (мындай текшерүүлөр жогоруда аталган Тиркеменин 53-пунктуна ылайык жыл сайын жүргүзүлөт).

 

Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султановдун айтымында, алымдардын көрсөтүлгөн суммалары жер казынасын пайдалануучуларга Казакстан Республикасынын бюджетинен кайтарылып берилет.

"ЕАЭБ жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү кабыл алуу казакстандык бюджеттин кош чыгымдарына – төлөнгөн алымдарды инвесторлорго кайтарып берүүгө жана Бирликтин мамлекеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарын бөлүштүрүү механизминин алкагында бул сумманын 93%дан ашыгын которууга жол бербөөгө мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭК министри.

Бул ченем 2014-жылдын 1-ноябрынан тартып пайда болгон укуктук мамилелерге жайылтылат.