Башкы
/
Жаңылыктар
/
ЕАЭБде бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди токтотуунун жаңы жагдайлары аныкталды
ЕАЭБде бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди токтотуунун жаңы жагдайлары аныкталды
25.11.2022
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши декларациялоого же Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан чыгарып кетүүгө байланыштуу, мындай товарлар менен бажы операцияларын жүргүзүүдө, убактылуу сактоодо турган товарларга карата мурда келип чыккан бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттердин токтотулушун караштырган чечим кабыл алган.
Чечим Бирликке киргизилген товарларга бажы төлөмдөрүн бир жолу алуу принцибин камсыз кылууга мүмкүндүк берет, ишкердик ишти жүргүзүү шарттарына оң таасирин тийгизет.