ЕАЭБде курулуштагы кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун кеңейтүү боюнча пландар бекитилди

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши 21-декабрда Санкт-Петербургда өткөн отурумунда курулуш долбоорлорун башкаруу чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн 14 секторун камтыган либералдаштыруунун төрт планын бекитти. Бул жол карталары башкы подряддык жана башкы долбоордук иштердин кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун (КБР) принциптерине этап-этап менен өтүшүн аныктайт.

Жол карталары ишке ашырылгандан кийин КБР эрежелери өнөр жай, коммерциялык, айыл чарба жана турак жай багытындагы объекттердин курулушуна, ошондой эле автомагистралдарды, темир жолдорду, инфраструктуралык, энергетикалык жана өндүрүштүк объекттерди курууга жана тургузууга карата колдонулат. Бул Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн курулуш компанияларына катталган өлкөсүндө алынган уруксат берүүчү жана квалификациялык документтерин таануу менен, кошумча юридикалык жактарды түзүү зарылчылыгы жок, ЕАЭБдин бүткүл мейкиндигинде иштөөгө мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү күндө КБР режимине 140тан ашык сектор, анын ичинде өзүнчө долбоорлоо, инженердик, соода, айыл чарба жана туристтик кызмат көрсөтүүлөр өткөрүлгөн. Буга катар 117 артыкчылыктуу багыттардын алкагында КБР тизмегин кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, алардын арасында консалтинг, ижара жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ветеринария жана башкалар бар.

"Кабыл алынган чечим экономикабыз үчүн негизги тармактардын бири болгон курулуш тармагына интеграцияны тереңдетүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Кеп бизнес жүргүзүү шарттарын келечекте жөнөкөйлөтүү жөнүндө гана эмес, ишкердик жигердүүлүктүн өсүшү үчүн өбөлгөлөрдү түзүү тууралуу да болуп жатат, – деп белгиледи ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов. – Курулуш чөйрөсүн жөнгө салууга карата мамилелерди жакындатуу – чыгымдарды азайтууга жана, натыйжада, долбоорлорду ишке ашыруунун наркын оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Курулуш комплекси бүтүндөй евразиялык мейкиндигинде өнүгүү үчүн жаңы импульс алат".