Жаңылыктар

18.10.2022 (Обновлено: 25.10.2022 12:01)

ЕАЭБде артыкчылыктуу тартипте бажы жагынан каттоого тийиш болгон тез бузулуучу товарлардын бирдиктүү тизмесин бекитилди

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын тизмесин ишке ашыруунун алкагында ЕЭК Кеңеши 17-октябрда тез бузулуучу товарларга карата бажы операциялары биринчи кезекте жүргүзүлүүчү товарлардын категорияларынын тизмесин бекитти.

Тизме ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн бажы чек арасы аркылуу артыкчылыктуу өтүүнү талап кылган, ташуу жана сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган, ошондой эле кыска сактоо мөөнөттөрүнөн, бул товарлардын өзгөчөлүгүнөн улам бажыда кармалууга болбой турган товарлардын эң маанилүү категорияларын бириктирет. Мындай товарларга тамак-аш азыктары (эт, балык, сүт азыктары, жашылчалар, жемиштер) жана бир катар башка категориядагы товарлар кирет.

ЕАЭБдин соода өнөктөш өлкөлөрүнөн товарларды импорттоого багыт алуу, ЕАЭБ рыногуна товарларды жылдыруу үчүн транспорттук-логистикалык схемаларды өзгөртүү ЕАЭБ бажы чек арасынын каалаган тилкеси аркылуу мүмкүн болушунча тез өтө турган тез бузулуучу товарлардын бирдиктүү тизмесин түзүүнү талап кылды.

Бул тизмеге кирген товарлар үчүн артыкчылык тартиби 2023-жылдын аягына чейин колдонулат. Бул мезгилде туруктуу негизде тизмени колдонууну өз убагында актуалдаштыруу үчүн мониторинг жүргүзүлүп турат.

Аларга карата бажы операциялары артыкчылыктуу тартипте жүзөгө ашырылуучу товарлардын категорияларынын бирдиктүү диапазонун аныктоо аркылуу бизнести колдоого көбүрөөк басым жасоо менен антикризистик пакетти ишке ашыруу иш-чаранын катышуучуларынын ишинин туруктуулугун камсыз кылууга, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы экономикалык ишмердүүлүгү, импорттук товарларды коммерциялык жүгүртүүгө тартуу убактысын жана бизнес чөйрөсүнүн чыгымдарын кыскартуу, ошондой эле учурдагы экономикалык кырдаалда бажылык формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүүгө өбөлгө түзөт.

Маалымат

ЕАЭБ Бажы кодексинин 81-беренесинде каралган бажы операцияларын жүргүзүүнүн артыкчылыктуу тартибин колдонуу үчүн тез бузула турган товарлардын категорияларынын тизмеси Комиссия тарабынан, ал эми ал аныкталганга чейин мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен аныкталат (ЕАЭБ Бажы кодексинин 81-беренесинин 3-пункту).