Жаңылыктар

17.05.2022 (Обновлено: 26.05.2022 09:53)

ЕАЭБде күйүүчү жаратылыш газына техрегламентке карата стандарттар аралык программаларды иштеп чыгуу программасы бекитилди

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ташууга жана пайдаланууга даярдалган күйүүчү жаратылыш газынын коопсуздугу жөнүндө техрегламентке мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программаны бекитти.

Программада 2024-жылга чейин 17 мамлекеттер аралык стандарттарды даярдоо каралган. Жоопкерчиликтүү иштеп чыгуучулар болуп Казакстан Республикасы (1 МАМСТ) жана Россия Федерациясы (16 МАМСТ) дайындалды. Программага киргизилген стандарттарды иштеп чыгуу Бирлик мамлекеттеринин стандартташтыруу боюнча документтеринин түшүнүк аппаратын жана өлчөөнүн актуалдуу методикаларын пайдалануу жагында жоболорун шайкеш келтирүү жана жаңыртуу зарылчылыгы менен шартталган. Изилдөө эрежелерин жана ыкмаларын, анын ичинде үлгүлөрдү тандоо эрежелерин камтыган стандарттардын бөлүгү стандартташтыруу боюнча улуттук документтер болуп саналат. Алар транспорт жана пайдалануу үчүн даярдалган күйүүчү жаратылыш газ коопсуздугу боюнча техрегламент кабыл алынганга чейин бекитилген. Ошондуктан аларды техникалык регламентке ылайык келтирүү жана МАМСТ катары кабыл алуу үчүн кайра карап чыгуу зарыл.