Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарына ылайык иштелип чыккан товарлардын жалпы биржалык рыногунда тооруктарды өнүктүрүү программасын бекитишти.
Документ төрт бөлүмдөн турат жана жалпы жоболорду, иш-чаралар тутумун, ишке ашырууну камсыздоо механизмдерин жана ресурстук камсыздоону камтыйт.
Программа үч этапты камтыйт: жалпы биржалык рынокту түзүү үчүн документтерди иштеп чыгуу, пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу жана имитациялык тооруктарды өткөрүү, ошондой эле 2029-жылга карата биржалык рыноктун толук иштешин баштоо этаптары.
Программага 14 иш-чара киргизилген, анын ичинде товарлардын жалпы биржалык рыногун түзүү жөнүндө эл аралык келишимди, тооруктарды уюштуруучулар менен инфраструктуралык уюмдардын ортосундагы макулдашууну, Бирликтин органдарынын актыларын жана тооруктарды уюштуруучулардын ортосундагы протоколдорду иштеп чыгуу жана кабыл алуу.