Жаңылыктар

30.01.2023 (Обновлено: 02.02.2023 15:03)

ЕАЭБде аквакультура продукциясынын өндүрүшүнүн жана соодасынын өсүшү катталды

Акыркы беш жылда ЕАЭБде аквакультура продукциясынын өндүрүшү 1,7 эсеге өскөн. Мында эң чоң өсүштү Кыргызстан - 5 эседен көп, Казакстан - дээрлик 4 эсе жана Россия Федерациясы - 1,7 эсеге - көрсөтүшкөн. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда балыктарды жана балык продуктыларын өз ара сатуунун көлөмү 1,6 эсеге өскөн.


Бул туурасында "АГРОС" асыл тукум ишинин, тоюттардын, ветеринариянын жана мал чарбачылыгы, чочко өстүрүү, канаттуулар жана тоют өндүрүү үчүн технологиялардын эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында "Евразиялык аквакультура жана балык чарба комплексине инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр" конференциясында Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин агроөнөр жай саясаты жана эл аралык долбоорлор бөлүмүнүн башчысы Мария Байгот билдирди.

"Аквакультура - бул Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бизнеси үчүн стратегиялык чөйрө, ал олуттуу өсүштү көрсөтүүдө жана ошондой эле байланышкан тармактардын бүтүндөй комплекси: ресурстук камсыздоо, жабдуу, соода – логистикалык жана сатуу иши үчүн импульс болуп саналат", - деп белгиледи Мария Байгот. 

ЕЭК өкүлүнүн сөзү боюнча, тармактын кыйла динамикалуу өсүшү импорттук жеткирүүлөр боюнча көз карандылык жогору болгон балыктын баалуу породаларынын рыногунда байкалууда. Буга байланыштуу Бирлик өлкөлөрүнүн кызыкдар компанияларынын ортосунда кооперациянын негизинде көчөт материалдары, тоюттар жана башка ресурстар менен өзүн-өзү камсыздоонун деңгээлин жогорулатуу максатка ылайыктуу. 


ЕАЭБ мамлекеттеринин жогорку окуу жайларынын ортосунда биргелешкен билим берүү курсун өткөрүү жолу менен, талап кылынган адистиктер боюнча балык чарба чөйрөсү үчүн адистерди даярдоо - кызматташтык үчүн келечектүү багыт болуп саналат.


 Комиссиянын агроөнөр жай блогу бизнестин, илимдин, аквакультура чөйрөсүндөгү бирикмелердин кызыкдар эксперттери менен өз ара аракеттенүү үчүн ачык жана актуалдуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн аянтча берүүгө даяр.

Маалымат


"АГРОС" - бул Россиянын жана жакынкы чет мамлекеттердин агроөнөр жай комплексинин адистери үчүн абройлуу эл аралык тармактык көргөзмө, ал РФтин Айыл чарба министрлигинин жана алдыңкы тармактык бирикмелердин активдүү катышуусу менен өткөрүлөт. Бул жылы көргөзмөдө 20дан ашык өлкөдөн келген 400дөн ашык компания өз чечимдерин сунушташты.