Жаңылыктар

28.11.2022

ЕАЭБде үчүнчү өлкөлөр менен соодада чектөө чаралары боюнча интерактивдик портал ишке киргизилди

Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча блогу тарабынан маалыматтык портал ишке киргизилип, анда ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана бүтүндөй Бирликке карата Үчүнчү өлкөлөрдүн чектөө чараларынын тизмеги жайгаштырылды. Маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу табууга болот https://trade.eaeunion.org/. Реестр интерактивдик ресурс түрүндө берилген, анда тышкы экономикалык иштин катышуучусу пайдалуу маалыматтарды таба алат, ошондой эле сайтта тиешелүү форманы толтуруу менен тышкы рынокторго жеткиликтүүлүккө байланыштуу көйгөйлөр жөнүндө билдире алат.

Жалпысынан 2022-жылы төмөнкү өлкөлөр колдонгон 214 чара аныкталган: Кытай (27), Украина (26), АКШ (26), Европа бирлиги (25), Түркия (14), Индонезия (13), Бразилия (11), Алжир (7), Марокко (6), Вьетнам (6), Египет (6), Индия (6), Улуу Британия (5), Япония (5), ошондой эле Австралия, Израиль, Иран, Канада, Корея Республикасы, Малайзия, Мадагаскар, Мексика, Монголия, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Перу, Сингапур, Таиланд, Тунис, Өзбекстан.

Колдонулган чектөөлөрдүн түрлөрүнүн ичинен демпингге каршы чараларды (64), соодадагы техникалык тоскоолдуктарды (36), атайын коргоо чараларын (32), санитардык жана фитосанитардык чараларды (31), сандык импорттук чектөөлөрдү (6) жана башкаларды белгилөөгө болот.