ЕАЭБде «Жарандык авиакуруу» жаңы технологиялык платформасы ишке киргизилди
ЕАЭБде «Жарандык авиакуруу» жаңы технологиялык платформасы ишке киргизилди. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрындагы буйругуна тиешелүү толуктоолорду бекитти.

Аба кемелерин куруу боюнча БСАны (бирдиктүү соода аянты – ЕТП) түзүүнүн расмий демилгечиси «Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча компетенция борбору» (Россия Федерациясы) автономдуу коммерциялык эмес уюму болду. Аба кемелерин куруу боюнча БСАнын (бирдиктүү соода аянты) тең уюштуруучулары №558 Авиаремонт заводу (Беларусь Республикасы) жана «Казакстан авиация индустриясы» жоопкерчилиги чектелген шериктештиги (Казакстан Республикасы) болушту.

«Бул, чындыгында, консолидацияланган тармактык демилгелерди жана авиа кемелерин куруудагы дээрлик бардык актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды өнөр жайдагы кооперациянын көз карашынан да, инновация, илим жана билим берүү, каржылоо механизмдери жана акыркы продукцияны жылдыруу жагынан, ошондой эле укук чыгаруу демилгелери жагынан да алып иштеп чыгууга компетенттүү евразиялык расмий сүйлөшүүлөр аянтчасын түзүүгө негиз берген маанилүү иш-чара, – деп баса белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян. – Ошол эле учурда бул Биримдик мейкиндигинде инновациялык ишмердүүлүктү координациялоонун далилденген жана жетишерлик жакшы иштеген механизми, ЕАЭБдеги кызматташтыктын локомотиви болуп саналат».

Артак Камаляндын айтымында, жаңы технологиялык платформанын максаты – бардык кызыкдар тараптардын (бизнес, илим, мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар) эффективдүү өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу, анын негизинде жогорку технологиялык улуттук авиациялык өнөр жайынын өз ара пайдалуу инновациялык комплексин стимулдаштыруу, коммерциялык технологияларды түзүү, инновациялык ишканаларды жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды өнүктүрүү үчүн Биримдик мамлекеттеринин потенциалын айкалыштыруу. 

Маалымат

БСАны (бирдиктүү соода аянты) түзүү боюнча уюштуруу келишимине 2022-жылдын 4-июлунда Өнөр жай саясаты боюнча кеңештин IV отурумунун алкагында мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлери жана Ульяновск облусунун губернатору А. Русскихтин катышуусунда кол коюлган.

«Жарандык авиакуруу» БСАсын (бирдиктүү соода аянтын) түзүү ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө 2022-2023-жылдарга жарандык авиация тармагында өнөр жай кооперациясын кеңейтүү боюнча жол картасында каралган.

Евразиялык технологиялык платформалар Евразия экономикалык комиссиясынын координациясындагы илимий уюмдардын (изилдөө институттарынын, ЖОЖдордун), өнөр жай ишканаларынын, ассоциацияларынын күч-аракеттерин бириктирүүчү жана компетенттүү мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү институттарынын жана башка кызыкдар тараптардын катышуусунда тармактык консультациялык органдардын ролун ойнойт. Муну менен катар БСА (бирдиктүү соода аянты) тармактык көйгөйлөрдү чечүүнүн алкагында – илимден, адистерди даярдоодон, илимий иштеп чыгуулардан жана инновациялардан баштап, евразиялык интеграциялык түзүүлөрдүн призмасы аркылуу тармактын актуалдуу көйгөйлөрүнө чейин ар кандай мүнөздөгү демилгелерди өнүктүрүү боюнча кеңири ыйгарым укуктарга ээ.