Евразия экономикалык бирлигинин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө тиешелүү бир катар актуалдуу маселелерди Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегяндын жетекчилиги алдында 11-ноябрда Агроөнөр жай комплекси боюнча консультативдик комитеттин отурумунун катышуучулары талкуулашты.
Атап айтканда, ЕАЭБ өлкөлөрүндө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү маселелери каралды. Айыл чарба асыл тукум малдарынын генетикалык детерминирленген ооруларынын тизмесине өзгөртүүлөр жактырылды, алар айыл чарба багытындагы сапатсыз асыл тукум продукцияны жана генетикалык детерминирленген ооруларды алып жүрүүчүлөрдү көбөйтүү тутумунан чыгаруу жолу менен алардын генетикалык дараметин жогорулатууга багытталган. Ошондой эле асыл тукум айыл чарбаларынын асыл тукум жана продуктивдүү сапаттарын баалоонун объективдүүлүгүн жана аныктыгын жогорулатуу үчүн Бирликте айыл чарба жаныбарларын бонитировкалоо боюнча унификацияланган ыкмалар жактырылган.
Мындан тышкары, Комитеттин мүчөлөрү асыл тукум мал чарбасында геномдук селекцияны колдонуунун эл аралык тажрыйбасы, иштин абалы жана геномдук анализдин негизинде айыл чарба жаныбарларынын асыл тукумдук баалуулугун болжолдоону киргизүүгө ЕАЭБ алкагында макулдашылган мүмкүн болгон мамилелер жөнүндө серепти жактырышты.
Отурумдун катышуучулары агроөнөр жай комплексинде мүчө мамлекеттердин технологиялык кооперациясынын мүмкүнчүлүктөрүн, биргелешкен агроинновация борборлорун түзүү, айыл чарба продукциясын жана азык-түлүктү кайра иштетүү, сактоо, жайылтуу жана транспортировкалоо инфраструктурасын өнүктүрүү жөнүндө сунуштарды талкуулашты.
Консультативдик комитеттин мүчөлөрү Бирликтин калкы үчүн азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу ыкмаларын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурушту.
Каралган документтер Бирликтин мамлекет башчыларынын Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумдарында айтылган демилгелерин жана "Евразия экономикалык жолу" декларациясынын жоболорун ишке ашыруунун алкагында иштелип чыкты.