Жаңылыктар

02.03.2023 (Обновлено: 03.03.2023 15:49)

ЕЭКте аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы рыногун түзүү боюнча концептуалдуу мамилелерди талкуулашты

1-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы рыногун түзүү боюнча концептуалдуу мамилелерди Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жарандык авиация маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин орун басарлары менен талкуулады.

Кеңешменин катышуучулары ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин 2021-2023-жылдарга аба транспорту жаатында координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарын жана этаптарын ишке ашыруу боюнча жол картасынын аткарылышын карап чыгышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө мыйзамдарды шайкеш келтирүү, адилеттүү жана ак ниет атаандаштыкты камсыздоо, ошондой эле Бирликтин алкагында аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы рыногун түзүү жана иштетүү боюнча эл аралык келишимди иштеп чыгуунун жана түзүүнүн максатка ылайыктуулугу маселелери козголду. ЕАЭБ органдарынын ушул жылы кабыл алууга пландаштырылган тийиштүү актыларынын долбоорлору каралды.

Тараптар аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы рыногун баскычтар боюнча биргелешкен күч-аракеттерди координациялоого даярдыктарын тастыкташты.