Евразиялык экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана Евразиялык экономикалык комиссиянын эксперттери ЕЭКтин Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору Куат Рахимовдун жетекчилиги астында тиешелүү жумушчу топтун жыйынында ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор (ЫЭО) үчүн жаңы жеңилдетүүлөрдү талкуулашты.
Беларустун бизнес-коомдоштугу товарларга декларацияны (ТД) тапшырганга чейин товарларды чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү сунуштады. Демилге бул жеңилдетүүнү алымсыз соода жана убактылуу алып кирүү бажы жол-жоболорунда колдонууну, ошондой эле ТД тапшыруу мөөнөтүн узартууну карайт. Ишкерлердин пикири боюнча, бул чаралар алардын чыгымдарын кыскартат.
Жыйындын катышуучуларына ошондой эле Комиссиянын Кеңешинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 114 жана 2024-жылдын 18-октябрындагы № 86 чечимдерине өзгөртүүлөр долбоорлорунун жыйынтыктоочу редакциялары сунушталды. Жакынкы арада аларды Комиссиянын Коллегиясынын кароосуна киргизүү пландаштырылууда. Долбоорлор ЫЭО аянтчаларында товарлар менен бажы органынын уруксатысыз жүргүзүүгө боло турган операциялардын тизмесин кеңейтүүнү карайт. Кеп убактылуу сактоодогу товарлар жана бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлар жөнүндө болуп жатат. Өзгөртүүлөр логистиканы оптималдаштырууга жана бизнестин чыгымдарын азайтууга жардам берери күтүлөт.
Андан тышкары, эксперттерге ЫЭО товарларын эсепке алуу тутумуна карата типтүү талаптардын жогорку деңгээлдеги даярдыгы жөнүндө маалымат берилди. Документ улуттук талаптарды шайкеш келтирүүгө жана операторлор тарабынан алынып келинген товарлардын көзөмөлдөнүшүн камсыз кылууга багытталган. Ал ошондой эле товарларды чыгаргандан кийинки көзөмөлдү автоматташтырууга жана оптималдаштырууга, административдик жүктү азайтууга жана бажы операцияларын жүргүзүүдө эсепке алуу маалыматтарын колдонууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор институту – бул өнөктөш программанын эл аралык деңгээлде таанылган стандарты.
ЫЭО – белгиленген талаптарга жооп берген жана бажы операцияларын жүргүзүүдө жана бажы контролунда жеңилдиктерди колдонгон юридикалык жактардын өзгөчө категориясы.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө ЫЭО институтун өнүктүрүү боюнча жумушчу топ 2014-жылы түзүлгөн. Ал Бирликте аны өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.