Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында Евразия экономикалык бирлигинин алкагында агроөнөр жай комплексинде санариптик экономиканы өнүктүрүү маселелерине арналган тегерек стол болуп өттү.
ЕЭКтин Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Наира Карапетян айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, асыл тукум жаныбарлардын жана селекциялык жетишкендиктердин сорттору, ошондой эле агроиндустриянын интерактивдүү картасы боюнча маалыматтар менен алмашуу маселелерине токтолуп, ЕАЭБ интеграцияланган маалыматтык тутумунун алкагында санариптик экотутумду түзүү жөнүндө айтып берди.
"2026-жылдын 1-июнунан тартып айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү), жүгүртүү жана тындыруу эрежелери жөнүндө макулдашууну практикалык ишке ашыруу башталат, бул айыл чарба продукциялары менен электрондук сооданы өнүктүрүүгө жаңы дем берет", — деп маалымдады тегерек столдун катышуучуларына Наира Карапетян.
Тегерек столдун катышуучулары өсүмдүк өстүрүүчүлүктө жана мал чарбасында санариптик чечимдерди, анын ичинде так дыйканчылык технологияларын, фермаларды автоматташтырууну ж. б. киргизүү тажрыйбасы менен бөлүшүштү.
Иш-чара ЕАЭБдин агроөнөр жай комплексин санариптик трансформациялоонун маанилүүлүгүн жана экономиканын бул секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында натыйжалуу экосистеманы түзүү үчүн мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттеринин зарылдыгын тастыктады.