Башкы
/
Жаңылыктар
/
ЕЭКте соода макулдашуулары боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн рынокторуна фармацевтикалык продукциянын экспортун кеңейтүү талкууланды
ЕЭКте соода макулдашуулары боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн рынокторуна фармацевтикалык продукциянын экспортун кеңейтүү талкууланды
29.10.2025
Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин эгидасы астында фармацевтикалык бизнестин өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Продукцияны үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна жылдыруу жана соодадагы тоскоолдуктарды четтетүү маселелери талкууланды.
"Биз үчүн өнөктөштөр менен иштөөнүн багыттарын аныктоо үчүн ишкер чөйрөлөр менен өз ара иштешүүнү жүзөгө ашыруу маанилүү, натыйжада Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн продукцияларын жеткирүүнүн өсүшүндө жана жалпы эле соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө максималдуу натыйжага жетишилет. Аталган продукцияга карата тышкы рыноктордо тоскоолдуктарды алып салуу боюнча иш Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ортосунда колдонулган укуктук базага, ошондой эле анын үчүнчү өлкөлөр менен соода макулдашууларына ылайык келет", — деп белгиледи ЕЭК министри.
Негизги тоскоолдуктардын катарында профилдик ишкердик коомдоштуктун өкүлдөрү чет мамлекеттерде фармацевтикалык продукцияларды жана медициналык буюмдарды каттоонун узактыгын жана татаалдыгын белгилешти. Алардын пикиринде, аны жеңилдетүү боюнча алардын айрымдары менен макулдашууга жетишүүнү карап чыгуу максатка ылайыктуу. Тиешелүү позициялар ЕЭКтин соода блогу тарабынан иштелип чыккан.