Жаңылыктар

05.10.2023

ЕЭКте агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү талкууланды

Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай комплекси боюнча консультативдик комитетинин отурумунун катышуучулары ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камаляндын төрагалыгы алдында Евразия экономикалык бирлигинин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө тиешелүү бир катар маселелерди талкуулашты.


Атап айтканда, Комиссиянын Коллегиясынын "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекциясын жана үрөнчүлүгүн өнүктүрүү жөнүндө" сунуштамасынын долбоору жана Мүчө мамлекеттерде тармакты илимий жана материалдык-техникалык жактан камсыздоого, өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүүгө, өнөр жайлык үрөнчүлүктү жана мөмө бактарын өстүрүүчүлүктү өнүктүрүүгө багытталган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекциясынын жана үрөнчүлүгүнүн өнүгүүсүнө сереп, ошондой эле кадрларды даярдоо тутуму, ченемдик-укуктук жөнгө салууну жана мамлекеттик колдоо чараларын өркүндөтүү каралды.

Документтер "Экономиканын жогорку мектеби" россиялык Улуттук изилдөө университети тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн илимий, билим берүү жана изилдөө уюмдары, тармактык бирикмелеринин жана бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрү менен биргеликте аткарылган илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарынын негизинде иштелип чыкты.

Серепте Бирлик мамлекеттериндеги селекциянын жана үрөнчүлүктүн учурдагы абалы, үрөндөрдүн жана көчөт материалдарынын өз ара жана тышкы соодасы, көрсөтүлгөн чөйрөлөрдү өнүктүрүүнүн тармактык программаларынын параметрлери жана мамлекеттик колдоо чаралары чагылдырылган.

"Биздин сунуштамалар биринчи кезекте ЕАЭБ алкагында селекционерлердин жана үрөн өстүрүүчүлөрдүн иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле Бирликтин үрөндөрдүн жалпы рыногун өнүктүрүүгө багытталган", – деп баса белгиледи Артак Камалян.
Отурумдун катышуучулары ЕАЭБ мамлекеттеринде айыл чарба жаныбарларынын жаңы породаларын, типтерин, линияларын жана кроссторун апробациялоону жүргүзүүнүн тартибине ага айыл чарба жаныбарларынын апробациялануучу жаңы породаларынын, типтеринин, линияларынын жана кроссторунун айырмалуулугун, бир түрдүүлүгүн, туруктуулугун жана ооруларга туруктуулугун баалоо боюнча тиркеме менен толуктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырышты.
"Киргизилип жаткан өзгөртүүлөр апробациялоону жүргүзүүдө укуктук негизди түзүүнү аяктоого, мал чарбачылыгында түзүлүп жаткан селекциялык жетишкендиктерди бекитүү боюнча ишти унификациялоого жана алардын ЕАЭБ алкагында таанылышын камсыздоого мүмкүндүк берет. Бул, өз кезегинде, жаныбарлардын генетикалык потенциалынын өсүшүнө, атаандаштыкка жөндөмдүү асыл тукум продукциясын өндүрүүнүн көлөмдөрүнүн өсүшүнө, импорттон көз карандылыктын төмөндөшүнө жана өз ара жеткирүүлөрдүн көлөмүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзөт, – деп белгиледи ЕЭК министри.

Отурумдун жүрүшүндө ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын "Сүт азыктуулугу багытындагы бодо малдын сүтүнүн сүт азыктуулугун эсепке алууга жана сапатын лабораториялык контролдоону жүргүзүүгө карата унификацияланган ыкмалар жөнүндө" сунуштамасынын долбоору жактырылды, ал Бирликтин мамлекеттеринин тажрыйбасынын жана Жаныбарларды эсепке алуу боюнча эл аралык комитет сунуштаган методикалардын негизинде Комиссиянын актыларына ылайык жүргүзүлгөн, бодо малдын сүт өндүрүмдүүлүгүнө баа берүүдө сүт өнүмдүүлүгүн эсепке алуу жана сүттүн сапатын лабораториялык контролдоону жүргүзүү процесстеринин аныктыгын жогорулатууга жана ЕАЭБде унификациялоого багытталган.

ЕЭК Коллегиясынын сунуштамасын кабыл алуу асыл тукум ишин уюштуруунун жана жүргүзүүнүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аймактарында атаандаштыкка жөндөмдүү асыл тукум продукциясын өндүрүүнү өнүктүрүүгө жана мал чарба тармагынын туруктуу иштешине өбөлгө түзөт.

Агроөнөр жай саясаты департаментинин жетекчилиги кеңешменин катышуучуларын АӨКтүн интеграцияланган маалыматтык тутумун өнүктүрүү жөнүндө маалымдады, ал мамлекеттер ортосунда маалыматтарды электрондук алмашууну камсыздайт, ошондой эле бардык кызыкдар жактарга бул чөйрөдө маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн ачат. Тутумчаны макулдашылган агроөнөр жай саясатынын негизги багыттары боюнча маалыматтык ресурстар, анын ичинде эки жалпы процесс түзөт.

Отурумдун жүрүшүндө Комитеттин мүчөлөрү ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун бирдиктүү реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу боюнча жалпы процесстерди ишке ашыруу жана асыл тукум жаныбарлар жана асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы селекциялык жетишкендиктер жөнүндө маалымат базасын түзүү, жүргүзүү жана колдонуу маселелерин талкуулашты.