Талкуунун негизги темасы критикалык факторлордун таасири астында УАТты колдонуу болду. Биринчи кезекте бул – экстремалдык климат жана татаал географиялык шарттар, чыр-чатак аймактары жана радиоэлектрондук басуу (РЭБ), байланыштын чектелген инфраструктурасы жана техногендик тоскоолдуктар.
"ЕАЭБ мейкиндигинде учкучсуз авиациялык тутумдарды колдонуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы жана коопсуз рыногун калыптандыруу, аларды пайдалануунун татаал шарттарынын бүтүндөй спектрин эске алмайынча мүмкүн эмес. Биздин максат — мүчө мамлекеттердин макулдашылган аракеттеринин, эл аралык уюмдардын тажрыйбасынын жана Бирлик укугунун инструменттеринин негизинде конкреттүү сунуштарды даярдоо", — деп баса белгиледи ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Рустан Дженалинов.
Эксперттер эл аралык практикага өзгөчө көңүл бурушту. Тегерек столдун катышуучулары ИКАО стандарттарын ЕАЭБ авиарыногунун муктаждыктарына ылайыкташтыруу боюнча артыкчылыктарды белгилешти. Ошондой эле форс-мажордук кырдаалдарда учкучсуз аппараттардын чек ара аралык учууларында катышуучу өлкөлөрдүн ведомстволорунун ыкчам өз ара аракеттенүү механизмдери сунушталды.
Жолугушууга мамлекеттик бийлик органдарынын, авиациялык бийлик органдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышышты — алар татаал жана стандарттуу эмес шарттарда учкучсуз аппараттарды эксплуатациялоонун биргелешкен ыкмаларын аныкташты.