Жаңылыктар

22.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 13:36)

ЕЭКте АӨКтөгү санариптик технологияларды өнүктүрүүнү талкуулашты

ЕЭКтин аянтчасында өнөр жай блогунун демилгеси боюнча Евразия суперкомпьютердик технологиялык платформасынын жана Евразия айыл чарба технологиялык платформасынын "АӨК жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин айыл аймактарын өнүктүрүү үчүн санариптик технологиялар" мамлекеттер аралык программасын (ЕМАП) иштеп чыгуу боюнча демилгелик сунушун талкуулоо орун алды.

ЕЭКтин өнөр жай саясаты департаментинин өкүлдөрү демилгелик сунушту даярдоо үчүн эки технологиялык платформанын иш-аракеттерин бириктирүүнү максатка ылайыктуу деп эсептешет. Бул экономиканын агрардык секторунун ишканаларын инфраструктуралык модернизациялоо, жогорку өндүрүмдүү экспортко багытталган агрардык секторду түзүү үчүн ЕМАП долбоорун андан ары иштеп чыгуу боюнча комплекстүү мамилени колдонууга, ошондой эле инновациялык технологияларды масштабдуу колдонуунун эсебинен айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Кеңешменин жүрүшүндө Бирликтин алдыңкы илимпоздору жана уюмдары негизги багыттар боюнча демилгелик долбоорлорду көрсөтүштү: "Так жер иштетүү", "Эстүү ферма", "Электрондук ветеринардык дарыгер", "АӨКтү санариптештирүүнү сервистик тейлөө".

Иш-чаранын катышуучулары агрардык сектор үчүн техникалык жана технологиялык базаны түзүү, заманбап агрардык технологияларды жана жабдууларды кеңири киргизүү, АӨК жана айыл аймактары үчүн кадрларды даярдоо, чакан бизнести жана кооперацияны өнүктүрүү боюнча долбоорлордун актуалдуулугун талкуулашты.

Технологиялык платформалардын катышуучулары тарабынан сунушталган демилгени иштеп чыгуу жана ишке ашыруу ЕАЭБ мамлекеттеринин бириктирилген ресурстарынын техникалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүнүн эсебинен продукциянын ички жана дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Иш-чаранын катышуучулары талкуунун жыйынтыктары боюнча көрсөтүлгөн баяндамаларды жана комментарийлерди эске алуу менен ЕМАПты иштеп чыгуу боюнча ишти улантуу жөнүндө келишишти.