ЕЭКте бирдиктүү транспорттук мейкиндикти түзүү маселелери талкууланды

Москвада 29-сентябрда энергетика жана инфраструктура боюнча министр Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитетинин 32-отуруму болуп өттү.

 

Ишке ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери жана чакырылган эксперттер катышты.

Кезектеги үч жылдык мезгилге (2027-2029-жж.) транспорт саясатын ишке ашыруу боюнча «жол картасынын» долбоорун даярдоо күн тартибинин негизги темасы болду.

«Жол картасынын» долбооруна киргизилген иш-чаралар мурунку пландарды ишке ашыруунун жыйынтыктарына таянат жана Бирликте бирдиктүү транспорттук мейкиндикти жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүү боюнча максаттарга жетүү үчүн алардын логикалык уландысы болуп саналат.

Отурумдун катышуучулары документтин долбоорунун иш-чаралары боюнча орун алган пикир келишпестиктерди деталдуу талкуулашты жана документти 2026-жылдын октябрында Астанада өтө турган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин кароосуна чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алышты.

Мындан тышкары, Консультативдик комитеттин мүчөлөрү 2024-2026-жылдарга транспорт саясатын ишке ашыруу боюнча колдонуудагы «жол картасынын» жана «Евразия экономикалык жолу» декларациясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты. Атап айтканда, отурумдун жыйынтыгы боюнча аналитикалык баяндамалар жактырылды: 

 жол боюндагы тейлөөнүн абалын талдоо жөнүндө;

ички суу транспортунда өндүрүштүк процесстерди санариптештирүү жана электрондук навигациялык карталарды киргизүү жөнүндө;

евразиялык транспорттук коридорлордун тизмесине киргизилген акы төлөнүүчү автомобиль жолдорунун операторлорунун өз ара аракеттенүүсү жөнүндө;

Жүктөрдү каботаждык автомобилдик ташуу программасын ишке ашыруу жөнүндө;

ташуучуларга эл аралык автомобилдик жүк ташууларга уруксат берүү тартибин талдоо жөнүндө.

Ошондой эле евразиялык транспорттук коридорлордун автомобиль жолдорунда метеорологиялык жана жол параметрлерин чогултуу жана алмашуу тартибинин долбоорлору жана «Чыгыш-Батыш» жана «Түндүк-Түштүк» багыттарындагы транспорттук инфраструктуранын «тар жерлеринин» тизмеси жактырылды.