Евразия экономикалык бирлигинин аймагына мыйзамсыз тамеки продукцияларын алып келүүгө жана жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча чараларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму 2-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдовдун катышуусу менен болуп өттү.
Жумушчу топ ушул жылдын март айында Комиссиянын Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитетинин алдында түзүлгөн. Ага 80ден ашык мүчө кирген, алардын жарымы – аны түзүүнү демилгелеген бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү.
Өткөн отурумда ЕАЭБ мейкиндигинде тамеки жана никотин камтыган продукция рынокторунун абалы, бул чөйрөдөгү мыйзамсыз жүгүртүүнүн тенденциялары жана динамикасы, ошондой эле көрсөтүлгөн продукциянын автомобилдик ташууларын көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу практикасы талкууланды.
Жумушчу топтун катышуучулары Бирликтин рыногунда тамекинин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюуга багытталган биринчи кезектеги чаралар боюнча сунуштарды киргизишти, алар ЕЭК аянтчасында Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарын тартуу менен иштелип чыгат.