Жаңылыктар

30.05.2025

ЕЭКте ЕАЭБдеги бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү маселелери талкууланды

30-апрелде Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин бажылык кызматташтык боюнча министри Руслан Давыдовдун төрагалыгы менен бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун отуруму болду.

Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине киргизилүүчү ЕАЭБдин бажылык чек арасы аркылуу контейнерлерди жөнөкөйлөштүрүп өткөрүүгө тиешелүү түзөтүүлөр талкууланды. Бажылык транзиттин бажылык жол-жобосун колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле балык кармоо жана балык продукциясы тууралуу маалымат алмашуу маселелери каралды.

Жумушчу топтун катышуучулары өтө сезимтал маселелер боюнча талкууну улантууну макулдашышты. Жумушчу топтун кийинки отурумун ушул жылдын май айында көздөй форматта өткөрүү мерчемделди.