ЕЭКте Өзбекстан Республикасы менен бажы кызматташтыгынын маселелери талкууланды

ЕЭКтин штаб-квартирасында ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Сергей Шкляевдин жана Өзбекстан Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бажы комитетинин төрагасы Акмалхужа Мавлоновдун жумушчу жолугушуусу өттү.

Тараптар Комиссия менен Өзбекстан Республикасынын бажы органдарынын ортосундагы бажы кызматташтыгы чөйрөсүндөгү эң актуалдуу долбоорлорду практикалык ишке ашыруу багыттарын талкуулашты.

Мындай долбоорлордун бири – ЕАЭБдин жана Өзбекстан Республикасынын бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын ортосунда өз ара маалымат алмашууну уюштуруу.

Сергей Шкляев мындай ишке 2025-жылдын декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен старт берилгенин эске салды. Тийиштүү эл аралык келишимдин долбоору жогорку даярдыкта турат, сүйлөшүүлөрдүн башталышы 2026-жылдын сентябрь-октябрь айларында күтүлүүдө.

"Макулдашууну ишке ашыруу бажы жол-жоболорун тездетүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө, бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт. Маалымат алмашуу тышкы соода статистикасындагы айырмачылыктардын санын азайтууга, укук бузууларды аныктоону жана алдын алууну жеңилдетүүгө, ошондой эле бажы органдарынын ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөөгө мүмкүндүк берерин күтүп жатабыз", – деп белгиледи Сергей Шкляев.

Тараптар ЕАЭБдин жана Өзбекстан Республикасынын транзиттик потенциалын өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарды, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) Бирдиктүү бажы транзиттик тутуму жөнүндө макулдашуунун күчүнө киришин эске алуу менен талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕЭК министри товарларды ташууну көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуунун жыйынтыктарына кеңири токтолду. 2026-жылдын февралынан баштап пломбалар 70 миңден ашык жолу колдонулду, ал эми 31-июлдан тартып навигациялык пломбаларды колдонуу чөйрөсү автомобиль транспорту менен болгон бардык ташууларга жана темир жол транспорту үчүн товарлардын кошумча категорияларына кеңейтилүүдө. Мындан тышкары, навигациялык пломбаларды колдонуу талап кылынбаган алып салуулардын тизмеси актуалдаштырылды.

"Биз Бирликке мүчө өлкөлөрдүн навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча тажрыйбасы менен кененирээк таанышууну уюштурууга даярбыз. Бул навигациялык пломба ЕАЭБдин бажы транзитинин бирдиктүү тутумунун элементтеринин бири экендигинин контекстинде өзгөчө актуалдуу", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.

Жолугушуунун соңунда Сергей Шкляев Өзбекстан Республикасынын бажы органдарындагы санариптик өнүгүүнүн жогорку деңгээлин белгиледи жана А.Ю. Мавлоновго Өзбекстан Республикасындагы бажылык администрлөөнүн алдыңкы технологиялары менен таанышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өзбекстан Республикасы ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекет статусуна ээ, негизги интеграциялык долбоорлорго жогорку кызыгуусун көрсөтөт жана Бирликтин мүчө өлкөлөрүнүн маанилүү соода өнөктөшү болуп саналат. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Өзбекстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 25%га өсүп, 20 млрд доллардан ашты. Өзбекстандын жалпы товар жүгүртүүсүндөгү ЕАЭБдин үлүшү дээрлик 25%га, ал эми экспортто — 30%га жакынына жетти.


Скачать исходники фотографий