ЕЭКте 2026-2030-жылдарга статистика чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүү программасынын концепциясы каралды

22-апрелде ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин төрагалыгы алдында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына караштуу Статистика боюнча консультативдик комитеттин отурумунда статистика чөйрөсүндө евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн перспективалары каралды.

Негизги басым 2026-2030-жылдарга Евразия экономикалык бирлигинин статистика чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүү программасынын концепциясын иштеп чыгуу жөнүндө маселени кароого жасалды. "2025-жылы ЕАЭБ статистикасы чөйрөсүндөгү интеграцияны өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу аяктайт, – деп белгиледи Сергей Глазьев. – Бүгүнкү күндө биздин мүчө мамлекеттер менен биргелешкен аракеттерибиздин артыкчылыктарын аныктоо маанилүү".
Иш-аракеттердин стратегиялык планын иштеп чыгуу жана бул чөйрөдө 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн жол картасын түзүү максатында Консультативдик комитеттин мүчөлөрү үстүбүздөгү жылдын 15-16-майында Москвада өтүүчү "2030-жылга чейин ЕАЭБ статистикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык векторлору" эл аралык семинарында пикир жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

2023-жыл үчүн Бирлик өлкөлөрүнүн экономикалык жана социалдык-демографиялык статистика боюнча ыйгарым укуктуу органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын мониторинги жөнүндө баяндама угулду.

Мүчө мамлекеттердин ортосундагы тышкы сектордогу статистикалык маалыматтардын "күзгүлүк" салыштырууларынын жыйынтыктары талкууланды. "Күзгүлүк" айырмачылыктарды кыскартуунун оң мисалдары белгиленди, эки тараптуу өлкөлүк салыштыруулардагы туруксуз жыйынтыктар жөнүндө маалымат берилди. Отурумдун катышуучулары жакынкы арада 2030-жылга чейинки мезгилге ЕАЭБ статистикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык документтерин даярдоодо төлөм балансынын "күзгүлүк" статистикасын жакшыртуу боюнча сунуштарды жана иш-чараларды тыкыр талкуулоо чечимин кабыл алышты.

Мындан тышкары, Стратегия-2025ти жана 2021-2025-жылдарга ЕАЭБ статистикасы чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруунун 2023-жылга карата жыйынтыктары каралды.

Статистика боюнча Консультативдик комитеттин кийинки отуруму 2024-жылдын октябрына пландаштырылган.