ЕЭКте техникалык жөнгө салуу жана СФС-чараларды колдонуу маселелери каралды

Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Александр Субботиндин төрагалыгы астында тармактык Консультативдик комитеттин отурумунда техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу чөйрөлөрүндөгү бир катар маселелер талкууланды.


Отурумдун катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин "Парфюмерия-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" жана "Эттин жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программаларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү макулдашты. Мындай программаларды жаңыртуу Бирликтин рыногуна чыгарылуучу продукцияга карата талаптарды өз убагында актуалдаштыруу жана жогорку илимий-техникалык деңгээлде кармап туруу үчүн ЕАЭБ алкагында стандартташтыруу боюнча иштерди координациялоо тартибине ылайык жүргүзүлөт.

Ошондой эле Консультативдик комитет Бирликтин "Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу жөнүндө", "Адистештирилген тамак-аш продукциясынын айрым түрлөрүнүн, анын ичинде диеталык дарылоо жана диеталык профилактикалык тамактануунун коопсуздугу жөнүндө" жана "Тамак-аш кошулмаларынын, жыт бергичтердин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздук талаптары" техникалык регламенттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон стандарттардын тизмектерине өзгөртүүлөрдүн долбоорлорун андан ары кароо жана кабыл алуу үчүн жактырды. Макулдашылган өзгөртүүлөрдүн катарында – бул техникалык регламенттерге стандарттардын тизмектерин стандартташтыруу боюнча актуалдуу документтер менен толуктоо.

Тараптар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынуучу продукцияга (товарларга) карата Бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптардын II главасынын 12-бөлүмүн актуалдаштырууну пландаштырууда. Аталган бөлүмдү жеке гигиена буюмдары катары жүгүртүүгө чыгарылуучу товарлардын айрым түрлөрү менен толуктоолорду, ошондой эле андан актуалдуу эмес талаптарды алып салууну камтыган долбоор андан ары кароо жана кабыл алуу үчүн жактырылды.

Консультативдик комитеттин алдындагы эксперттик аянтчалардын иштөө маселелери талкууланды. Атап айтканда, стандартташтыруу, ветеринардык-санитардык чаралар жана карантиндик фитосанитардык чаралар боюнча комитетчелердин актуалдуу курамдары бекитилди.

Андан тышкары, продукциянын ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин баалоону жүргүзүүгө ыкмаларды иштеп чыгуу, ошондой эле Бирлик жөнүндө келишимдин түшүнүк аппаратын актуалдаштыруу (продукцияны сыноо жана изилдөө тематикасы боюнча) маселесин ар тараптуу иштеп чыгуу үчүн эки кошумча тармактык эксперттик топ түзүлдү.