ЕЭКте Өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялык тармактарындагы кооперация жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүлдү

ЕЭК Коллегиясы ушул жылдын июнунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин өкмөт башчылары тарабынан түзүлгөн Өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялык тармактарындагы кооперация жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө тескемени кабыл алды.

Импортту алмаштыруу боюнча Комиссия индустриялаштыруу картасын жүргүзүүнү ишке ашырат, ошондой эле Бирликте импортту алмаштыруунун өнүгүү багыттарын иштеп чыгат.

Жаңы жумушчу органдын төрагасы ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян болду. Комиссиянын курамына өнөр жай, илим, экономика, атаандаштык, транспорт, курулуш, энергетика, тышкы иштер маселелерин тейлеген улуттук ыйгарым укуктуу органдардын министрлеринин орун басарлары кирди.

"Биздин Комиссия Бирлик өлкөлөрүнүн өнөр жай ишканалары, тармактык бирикмелери жана соода-өнөр жай палаталары менен өз ара иштешмекчи. Бул импортту алмаштыруучу кооперациялык чынжырларды түзүүгө, өндүрүлгөн жогору технологиялуу продукцияны ички жана тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет", - деди Артак Камалян.

Импортту алмаштыруу боюнча комиссиянын биринчи отурумун кийинки жылдын башында өткөрүү пландаштырылат.

"Башында биз ЕАЭБде кызматташуу үчүн өнөр жайынын жогорку технологиялык тармактарынын тизмегин аныкташыбыз керек экени анык. Индустриялаштыруу картасын толуктоо жана актуалдаштыруу, өнөр жайда импортту алмаштыруу боюнча конкреттүү потенциалдуу кооперациялык долбоорлорду кароо боюнча иштер улантылат", – деп белгиледи ЕЭК министри.