2026-жылдын 28-29-майында Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Астананын Конгресс-борборунда (EXPO Иштиктүү комплекси) өтө турган V Евразия экономикалык форумуна (ЕЭФ-2026) катышуучуларды каттоо башталды.
Форумдун башкы темасы – "Глобалдык санариптик жарыштагы ЕАЭБ: жасалма интеллектке басым".
Жалпысынан ЕЭФ-2026нын архитектурасы 4 тематикалык блокко бириктирилген 30га жакын иш-чараны камтыйт:
· ЕАЭБ рыногун өнүктүрүүнүн трансформациясы;
· Евразиялык шайкештик;
· Форумдун талааларында иш-чаралар;
· ЕАЭБ+
Иш-чара 2026-жылы Евразия экономикалык бирлигинин органдарында Казакстан Республикасынын төрагалык кылуусунун алкагында өткөрүлөт.
Форумдун башкы окуясы ЕАЭБ мамлекет башчыларынын катышуусундагы пленардык отурум болот.
Форумдун алкагында бизнестин практикалык маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Атайын көргөзмө жарманкеси жана мазмундуу ишкердик программасы пландаштырылган.
ЕЭФ-2026 программасы менен сайттан толугураак таанышууга болот.
Евразия экономикалык форуму Бирликтин органдарында — Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана ЕЭК Кеңешинде төрагалык кылган ЕАЭБ мамлекетинде жыл сайын кезек менен өткөрүлүүчү, Евразия экономикалык бирлигинин ишкердик иш-чарасы болуп саналат. Форум ЖЕЭКтин 2019-жылдын 1-октябрындагы № 16 чечиминин негизинде өткөрүлөт.
Иш-чара анын мүчө мамлекеттеринин жана үчүнчү өлкөлөрдүн ири, орто жана чакан бизнесинин жетекчилеринин, Бирликтин алкагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар болгон мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринин жана өкүлдөрүнүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусуна багытталган.
I Евразиялык экономикалык форум 2022-жылдын май айында Бишкекте өткөн.
II Евразиялык экономикалык форум 2023-жылдын май айында Москвада өткөн.
III Евразия экономикалык форуму 2024-жылдын 30-сентябрынан 1-октябрына чейин Ереванда өткөн.
IV Евразия экономикалык форуму 2025-жылдын 26-27-июнунда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өткөрүлгөн.
2026-жылы Форумду Казакстан Республикасынын борбору Астана кабыл алат.