"Кытай ЕАЭБдин негизги соода өнөктөшү болуп саналат, анын үлүшүнө биздин тышкы дүйнө менен товар айланымынын үчтөн бири туура келет. Өнөр жай продукцияларынын жана эл керектөөчү товарлардын позицияларынын олуттуу саны боюнча импортто Кытайдын үлүшү аныктоочу болуп саналат. Ошол эле учурда кытай рыногу биздин экспортчулар үчүн өтө маанилүү", – деп баса белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Жолугушуунун катышуучулары ноябрь айынын биринчи жарымында Москвада ЕЭК министри теңтөрага болуп саналган, Евразия экономикалык бирлиги менен КЭРдин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча Биргелешкен комиссиянын кезектеги отуруму өтө тургандыгы жөнүндө маалымдашты. Семинардын материалдарын иш-чараны даярдоодо колдонуу пландаштырылууда.
Иш-чарада сөз сүйлөгөндөр Кытай менен соода-сатыкта тоскоолдук кылуучу негизги факторлордун ичинен каржылык-эсептик жана техникалык тоскоолдуктардын бар экендигин, стандартташтыруу, санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу, бажылык тариздөө жана логистика маселелерине тиешелүү көйгөйлөрдү, ошондой эле интеллектуалдык менчик укуктарынын бузулушун белгилешти. Мында ишкердик коомдоштук тарабынан даттануулардын жалпы санынын олуттуу төмөндөшү белгиленген.